# 240-берене. Токой мыйзамдарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=32939..33304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 240-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-240

---

1. Олуттуу эмес зыян келтирүү менен мамлекеттик токой фондун пайдалануу тартибин бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Олуттуу эмес зыян келтирүү менен токойлордо дарактарды, эндемикалык өсүмдүктөрдү жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу же өсүүсүн токтоткон деңгээлге чейин зыян келтирүү, тиешелүү уруксаты жок мал жаюу, жер кыртышын бузуу, ошондой эле өзүм билемдик менен курулуштарды куруу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Экотутумдардын абалына жана токойлорду жаңыртып өстүрүүгө зыяндуу таасирлерди болтурбоочу түзүлүштөр менен камсыз кылынбаган жаңы жана реконструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүү -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеде олуттуу эмес зыян деп укук бузуу жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 10дон 100гө чейинки эсептик көрсөткүчтү түзгөн материалдык (мүлктүк) зыян түшүнүлөт. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2391)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-241)
