# 24-берене. Укукка каршы аракеттерди жасаган адамды кармоо учурунда зыян келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 24-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-24

---

1. Адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында аны укукка каршы жосун жасап жаткан учурда же түздөн-түз жасагандан кийин кармоо учурунда зыян келтирүү, эгерде мында кармоо чараларына кармалган адамдын аракетинин мүнөзүнө, коомдук коркунучтун даражасына жана кармоонун жагдайларына ачык дал келбөөгө жол берилбесе, укук бузуу болуп саналбайт.

2. Кармоо каражаттарынын жана ыкмаларынын аны жасаган адамдын жана жосундун коркунучтуулугуна, ошондой эле анын натыйжасында кармоонун зарылдыгы менен талап кылынбаган зыян атайын келтирилген кармоо жагдайларында ачык эле дал келбөөсү, укукка каршы жосун жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу деп таанылат. Мында этиятсыздыктан зыян келтирүү жоопкерчиликке алып келбейт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-25)
