# 2286-берене. Санарип чөйрөсүндөгү ак ниетсиз иш-аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 261-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2286-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2286

---

1. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тыюу салууну бузуу менен санарип дайындарын ак ниетсиз иштетүүнү жүзөгө ашыруу -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Санарип сервистерин көрсөтүүдө ак ниетсиз атаандаштык жана атаандаштыкты чектөөчү иш-аракеттер -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган жосундар -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2285)  
Кийинки берене: [2287-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2287)
