2286-берене. Санарип чөйрөсүндөгү ак ниетсиз иш-аракеттер
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 261-глава
1. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тыюу салууну бузуу менен санарип дайындарын ак ниетсиз иштетүүнү жүзөгө ашыруу -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Санарип сервистерин көрсөтүүдө ак ниетсиз атаандаштык жана атаандаштыкты чектөөчү иш-аракеттер -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган жосундар -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2286-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2286" title="2286-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>