# 2284-берене. Санарип укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 261-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2284-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2284

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган санарип укуктарын мыйзамсыз чектөө, ага тете санарип укуктарынын ээси тарабынан белгиленген санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү шарттарын бузуу -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, санарип укуктарынын ээси тарабынан санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү шарттарын мыйзамсыз белгилөө -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2283)  
Кийинки берене: [2285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2285)
