# 2282-берене. Санарип технологиялардын пайдалануучуларынын укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 261-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2282-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2282

---

1. Мыйзамда белгиленген, санарип документтерин пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, санарип документтерин кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн санарип документтерин пайдалануудан баш тартуу -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мыйзамда белгиленген, кагаз жүзүндөгү документтерди пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн кагаз жүзүндөгү документтерди пайдалануудан баш тартуу, -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2281)  
Кийинки берене: [2283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2283)
