2282-берене. Санарип технологиялардын пайдалануучуларынын укуктарын бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 261-глава
1. Мыйзамда белгиленген, санарип документтерин пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, санарип документтерин кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн санарип документтерин пайдалануудан баш тартуу -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Мыйзамда белгиленген, кагаз жүзүндөгү документтерди пайдаланууга жол берилбеген учурларды кошпогондо, кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл алуудан баш тартуу, ага тете кызматтарды көрсөтүү үчүн кагаз жүзүндөгү документтерди пайдалануудан баш тартуу, -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2282-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2282" title="2282-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>