# 22811-берене. Жеке дайындарды жана/же жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 261-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 октября 2026 года № 150 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052210)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=59866..60031>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-22811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-22811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 22811-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-22811

---

1. Жеке дайындарды же жеке мүнөздөгү маалыматты иштетүүнүн жана коргоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин, шарттарын жана талаптарын бузуу, ошондой эле аларды санкцияланбаган жайылтуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –

жеке жактарга 25 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракеттер –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, балдардын жеке дайындарына, ошондой эле жеке дайындардын атайын категорияларына карата жасалган аракеттер, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракеттер –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 400 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Жеке дайындарды мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен трансчек аралык берүү, эгерде бул аракет кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жеке дайындарды иштеп чыгуу деп, жеке мүнөздөгү маалыматтар менен жасалган ар кандай аракет же аракеттердин жыйындысы, анын ичинде чогултуу, жазуу, уюштуруу, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо, адаптациялоо же өзгөртүү, жүктөө, кароо, пайдалануу, берүү аркылуу ачуу, жайылтуу, алмашуу же жеткиликтүүлүктү берүүнүн башка түрү, салыштыруу же айкалыштыруу, кыскартуу, өчүрүү же жок кылуу түшүнүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 9-октябрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22810-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-22810)  
Кийинки берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-229)
