# 2226-берене. Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=32939..33304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-2226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2226-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2226

---

1. Аквакультураны жүргүзүүгө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Көлмө жана бассейндик балык өстүрүү чарбаларынын буфердик чөлкөмдөрүнө карата ветеринардык-санитардык ченемдерди жана талаптарды бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Балык өстүрүү чарбаларында товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү боюнча балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди жана талаптарды бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Аквакультура объекттерин өстүрүү үчүн курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды, ошондой эле балыктын урук чачуу мезгилинде алардын өндүрүлүп чыгаруу шарттарын жана урук чачуучу миграция жолдорун бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Тиешелүү илимий биологиялык негиздемесиз жана экологиялык экспертизанын оң корутундусуз суу биологиялык ресурстарынын жаңы түрлөрүн ташып келүүнүн, климатташтыруунун жана көлмөлөргө байырлатуунун белгиленген тартибин бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Ушул берененин 1-6-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2225)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-223)
