# 2221-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=32939..33304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-2221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2221-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2221

---

1. Жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды өндүрүүнүн, чогултуунун, кайра иштетүүнүн, даярдоонун, сактоонун, транспорттоонун (ташуунун), жүгүртүүнүн жана сатуунун, анын ичинде мамлекеттик сатып алуунун ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаныбарларды багуунун, эксплуатациялоонун, транспорттоонун (ташуунун), айдап өтүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жаныбарларды жана мамлекеттик ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон башка товарларды ташып келүүнүн (импорттоонун) жана ташып чыгуунун (экспорттоонун), ошондой эле транзиттөөнүн ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу -

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жаныбарларды союуга жана жаныбарларды союучу жайга карата ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу, жаныбарларды белгиленбеген жайларда коммерциялык максаттарда союу -

жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-222)  
Кийинки берене: [2222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2222)
