Аккаунтту тууралаңыз

2221-берене. Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу

Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 24-глава

2221-берене боюнча сурооңуз барбы?

ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп берет · акысыз

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

2221-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
22.05.2025 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды жүгүртүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу 1. Жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды өндүрүүнүн, чогултуунун, кайра иштетүүнүн, даярдоонун, сактоонун, транспорттоонун (ташуунун), жүгүртүүнүн жана сатуунун, анын ичинде мамлекеттик сатып алуунун ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 2. Жаныбарларды багуунун, эксплуатациялоонун, транспорттоонун (ташуунун), айдап өтүүнүн жана сатуунун ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 3. Жаныбарларды жана мамлекеттик ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон башка товарларды ташып келүүнүн (импорттоонун) жана ташып чыгуунун (экспорттоонун), ошондой эле транзиттөөнүн ветеринардык-санитардык талаптарын, ветеринардык эрежелерин жана ченемдерин бузуу - жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 4. Жаныбарларды союуга жана жаныбарларды союучу жайга карата ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу, жаныбарларды белгиленбеген жайларда коммерциялык максаттарда союу - жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 5. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Берененин байланыштары

Беренеге шилтеме бергендер

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2221" title="2221-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>