# 214-берене. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-214>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-214.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 214-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-214

---

1. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Адамдар узак убакыт бою, же болбосо убактылуу болуучу объекттердеги же жайлардагы абага карата жасалган ошол эле жосун –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Турак жай имараттарында, жайларда, батирлерде, үйлөрдө жана үйдүн жанындагы участоктордо санитардык-гигиеналык ченемдерди же санитардык-эпидемияга каршы ченемдерди бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы жосун –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Тамак-аш азыктарын же азык-түлүк чийки заттарын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2133)  
Кийинки берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-215)
