# 2133-берене. Ысык-Көл көлүнүн аймагында суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=28475..30895>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-2133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2133-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2133

---

1. Суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу боюнча талаптарды бузуу -

жеке жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет кайталанып жасалса -

жеке жактарга - 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2134-бенене. Ысык-Көл көлүнүн пляждык зоналарын адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону өз убагынан кечиктирип, сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик

1. Пляждык зоналарды адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоо жүргүзүүнүн талаптарын бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2132)  
Кийинки берене: [214-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-214)
