2132-берене. Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана көлдүн жээк зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга мыйзамда белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 23-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 178
1. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн жүгүртүүгө жана пайдаланууга тыюу салууларды бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн акысыз берүүгө тыюу салууну бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 80 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2132-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-2132" title="2132-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>