# 2131-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө мыйзамдарда белгиленген полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө коюлган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 178 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283334..1283338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-2131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 2131-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2131

---

1. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө тыюу салууну бузуу -

жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга тыюу салууну бузуу -

жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Соодада жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды акысыз берүүгө тыюу салууну бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга тыюу салууну бузуу -

жеке жактарга - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-213)  
Кийинки берене: [2132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2132)
