212-берене. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча орнотмолорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 23-глава
Калдыктарды кайра иштетүү же утилдештирүү боюнча орнотмолорду же өндүрүштүк, өнөр жай, турмуш-тиричилик же башка калдыктарын сактоо, же болбосо көмүү үчүн объекттерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
"2121-берене. Калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин аткарбоо
Товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин аткарбоо жана утилдештирүү жыйымын төлөө тартибин бузуу - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан айып пулду төлөө аларды утилдештирүү жыйымын төлөө милдеттенмесинен бошотпойт. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
212-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-212" title="212-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>