# 204-берене. Пестициддер жана агрохимикаттар менен операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 204-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-204

---

1. Пестициддерге жана агрохимикаттарга, аларды өндүрүү процесстерине карата талаптарды, ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык регламенттерде белгиленген талаптарды бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ченемдик укуктук актыларда, анын ичинде техникалык регламенттерде белгиленген пестициддерди жана агрохимикаттарды ташууга (транспорттоого), сактоого, сатууга, колдонууга, утилдештирүүгө карата талаптарды бузуу –

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-205)
