# 201-берене. Темир жол транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 201-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-201

---

1. Поезддерде жүрүү эрежелерин бузуу, башкача айтканда, поезддердин кыймылынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон предметтерди темир жол жолдоруна салуу (өзүм билемдик менен поезддерди зарылдыксыз токтотуу), –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Темир жол аркылуу арабанын өтүү эрежелерин бузуу жана (же) мал айдап өтүү (темир жолго жакын мал жаюу) –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Темир жол аркылуу өтүү эрежелерин бузуу (белгиленбеген жерлерде темир жол аркылуу өтүү, темир жол менен басып жүрүү) –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Жүргүнчүлөрдүн темир жол транспортунда тыюу салынган предметтерди ташуусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Темир жол транспортунда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2002-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-2002)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-202)
