Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
200-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 января 2024 года № 26
1. Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Эл аралык автомобилдик ташууну контролдук түзүлүш (тахограф) жок, жандырылбаган же бузук тахограф менен, ага тете айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдырган каттоо баракчаларын (тахограммдарды) жүргүзүүсүз же алар жок учурда жүзөгө ашыруу, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык үзгүлтүксүз эмес ташууларды жүзөгө ашырууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксатсыз же атайын уруксатсыз, ташуунун түрүнө туура келбеген уруксаттар менен эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларын кошпогондо, ташуучунун эл аралык автомобилдик ташууларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруусу, ошого тете Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу шарттарын сактабоо, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү кабарламаны аткарбастан жана эсепке алуу талонусуз, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле кабарламада көрсөтүлгөн каттамдан четтөө, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8. Чет өлкөлүк уруксат бланктарын ата мекендик ташуучу тарабынан башка ата мекендик ташуучуга пайдалануу үчүн өткөрүп берүү -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
9. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды толтурулбаган уруксат бланктары менен, же болбосо уруксат бланкында транспорттук контролдоо органынын кызмат адамынын белгилөөсү жок жүзөгө ашыруусу -
жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 24-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-200" title="200-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>