# 199-берене. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=13961..14329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 199-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-199

---

1. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Каттамдык такси катары же шаар аралык же болбосо эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу, ошондой эле айдоочуда жүргүнчүлөрдү ташуу келишими, же болбосо каттамдын паспорту болбогондо –

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууда «Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Айдоочунун ар бир кезмети сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуусу, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Жеңил таксинин айырмалоочу шарттуу белгилери жок бөлүгүндө жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрүн ташуу жана жеңил таксилер менен автобекеттердин жана автостанциялардын аймагынан тышкары шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу (диспетчердик кызматтын тапшырыгы боюнча ташуулардан тышкары) эрежелеринин талаптарын бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

8. Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-200)
