# 198-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн, жол курулмаларын куруу, оңдоо жана күтүү, экплуатациялоого жаткан механикалык транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2024 года № 18 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000819)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283338..2091>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 198-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-198

---

1. Транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу, -

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 18-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-197)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-199)
