198-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн, жол курулмаларын куруу, оңдоо жана күтүү, экплуатациялоого жаткан механикалык транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо ченемдерин жана эрежелерин бузуу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2024 года № 18
1. Транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу, -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Автомобиль жолдорунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 18-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
198-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 января 2024 года № 18 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
18.01.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуу менен байланышкан автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол алынып салынды: өткөөлдөрүн, кошулду: кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн, жол курулмаларын куруу, оңдоо жана күтүү, экплуатациялоого жаткан … предметтерди оңдоодо, автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол алынып салынды: өткөөлдөрүн, кошулду: кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө техникалык регламенттердин эрежелерин, ченемдерин же талаптарын бузуу алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик … айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын алынып салынды: чиркегичтеринин кошулду: чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан талаптарын бузуу, алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик … айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын алынып салынды: чиркегичтеринин кошулду: чиркегичтеринин, темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо боюнча эрежелерди бузуу алынып салынды: –
кошулду: -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
кошулду: (КР 2024-жылдын 18-январындагы № 18 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-198" title="198-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>