# 194-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 14.04.2022 [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики ( в Закон Кыргызской Республики “О дорожном движений в Кыргызской Республике”, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/112360)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283327..1283329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 194-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-194

---

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу, -

түшүрүлгөн атайын түстүү графикалык схемаларды, жазууларды, сүрөттөрдү, атайын үн чыгаруу жана жарык берүү үчүн орнотулган атайын жабдууларды жок кылуу менен жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу -

жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Бул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу атайын автоунааларга жайылтылбайт. (КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-195)
