# 193-берене. Mac абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 193-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-193

---

1. Алкоголдук, баңгизат каражаттарынын, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалда болушкан айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусу -

жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок, транспорт каражатын башкарган адамдын белгиленген тартипте мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу -

жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалдагы же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамды автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун же болбосо ээсинин мас абалдагы адамга аны башкарууга берүүсү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан материалдык зыян же болбосо адамдын ден соолугуна залал келтирүүгө алып келген жосун, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазага тартуучу жосундун белгилери жок болсо -

жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.";

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1921-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1921)  
Кийинки берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-194)
