# 192-берене. Жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 24.01.2024 [Закон КР от 24 января 2024 года № 26 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000989); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 192-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-192

---

1. Ушул Кодексте каралгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу -

эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулуусуна алып келген жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бузуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кетсе -

жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетсе -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жол транспорт кырсыгынын катышуучусу бул кырсык тууралуу кабарлоону милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык биргелешип түзүү укугун колдонгон шартта, жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам ушул берене менен каралган, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2024-жылдын 24-январындагы N 26 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-191)  
Кийинки берене: [1921-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1921)
