# 189-берене. Автоээнбаштык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 189-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-189

---

1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети, -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жыл ичинде кайталанып жасалса, -жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-190)
