184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 21-глава
1. Айдоочунун транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жок же болбосо тиешелүү категориясыз же транспорт каражатын каттоочу документи, же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы жок башкаруусу -
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин транспорт каражатын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну тастыктаган, мыйзамдарда каралган документи жок башкаруусу -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын, ага тете укугу убактылуу токтотулган адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүүсү -
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоо боюнча окутуучу курстардан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
184-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-184" title="184-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>