# 183-берене. Техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун, ошондой эле автомототранспорт каражаттарын оӊдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 183-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-183

---

1. Диагностикалык борборлордун техникалык кароо жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбашы, техникалык регламенттердин талаптарын сактабашы жана укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасашы –

юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү маалымкаты жок, жол-транспорт кырсыгына мүнөздүү бузугу бар автомототранспорт каражаттарын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, –

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-182)  
Кийинки берене: [184-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-184)
