# 182-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283327..1283329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 182-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-182

---

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу, -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражатын каттоо тартибин бузуу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо алардын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу, -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Номердик белгини жайгаштыруу эрежелерин бузуу -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -

юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [181-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-181)  
Кийинки берене: [183-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-183)
