# 181-берене. автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана автомобиль жолдорунун сакталышын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка талаптарды сактабоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011457)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011457); 24.01.2024 [Закон КР от 24 января 2024 года № 26 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000989)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=13961..14329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 181-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-181

---

1. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) -

жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, - жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жүк жөнөтүүчүнүн ташылуучу жүктүн транспорттук документтеринде жүктүн массасы же габариттери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүсү -

жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Юридикалык жак тарабынан транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, муниципалдык автомобил жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдеринен ашыруу -

550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Эгерде транспорт каражаттарынын кыймылына мындай чектөөлөр жол-климаттык шарттардан улам киргизилсе, автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуунун же чектөөнүн талаптарын сактабоо -

жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 24-январындагы N 26, 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-182)
