# 18-берене. Жеке жактардын күнөөсүнүн түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 18-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-18

---

1. Эгерде укук бузуу жасаган жак өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) укукка каршы мүнөзүн аңдап билсе, анын зыяндуу кесепеттерин алдын ала көрө билсе жана алардын келип чыгышын кааласа же түшүнүп туруп жол берсе, же болбосо ага көңүл кош мамиле кылса укук бузуу атайын жасалды деп таанылат.

2. Эгерде укук бузуу жасаган жак өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) зыяндуу кесепеттеринин келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала көрө билсе, мындай кесепеттердин алдын алууга текебердик менен ишенсе, же болбосо мындай кесепеттердин келип чыгышын билүүгө тийиш болуп жана билиши мүмкүн болуп туруп, аларды алдын ала көрө билбесе, укук бузуу этиятсыздыктан жасалды деп таанылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-19)
