# 179-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=13961..14329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 179-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-179

---

1. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу -

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Автомагистралга бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу жана зыянга учуратуу, транспорт каражаттарын көк чөптүү аянттарга жана жашылдандыруу үчүн арналган жерлерге токтотуу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзүм билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде айыл чарба продукцияларын кургатуу, курулуш жана өнөр жай таштандыларын таштоо, ошондой эле курулуш жана башка материалдарды үйүп салуу -

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашпастан, автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкеде шлагбаум жана башка тосмолорду орнотуу, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш-жаза жосундарынын белгилери жок болсо, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-180)
