# 17-берене. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу юридикалык жактар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 17-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-17

---

Юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жак, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жак статусу жок өкүлчүлүктөрү, филиалдары укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу укук бузууларды жасаган жеке ишкерлер (жумушчуларды жалдоо укугу менен) юридикалык жак катары жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-18)
