# 16-берене. Кызмат адамдарынын укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 16-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-16

---

Кызмат адамдары ушул Кодексте каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышат. Эскертүү. Кызмат адамдары деп туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук менен бийликтин өкүлүнүн функцияларын жүзөгө ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө уюштуруу-тескөө жана (же) административдик-чарбалык жана (же) контролдук-текшерүү жана (же) каттоо функцияларын аткаруучу адамдар түшүнүлөт. Уюштуруу-тескөө функциялары кызматы боюнча баш ийген адамдарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет. Административдик-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну билдирет. Контролдук-текшерүү функциялары жеке же юридикалык жактарды текшерүүлөрдү, ревизияларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет. Каттоо функциялары жарандардын жана юридикалык жактардын кыймылдуу жана (же) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын, жарандардын жарандык абалдын актыларын, жарандарды, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды документтештирүү, ошондой эле мыйзамдарга ылайык катталууга тийиш болгон башка укуктарды каттоону билдирет. Бийлик өкүлү – өзүнө кызматтык көз карандысыздыкта же ведомстволук баш ийүүдө турбаган адамдарга карата тескөөчү ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте берилген адам.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-17)
