Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Кызмат адамдарынын укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 4-глава
Кызмат адамдары ушул Кодексте каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышат. Эскертүү. Кызмат адамдары деп туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук менен бийликтин өкүлүнүн функцияларын жүзөгө ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө уюштуруу-тескөө жана (же) административдик-чарбалык жана (же) контролдук-текшерүү жана (же) каттоо функцияларын аткаруучу адамдар түшүнүлөт. Уюштуруу-тескөө функциялары кызматы боюнча баш ийген адамдарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет. Административдик-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну билдирет. Контролдук-текшерүү функциялары жеке же юридикалык жактарды текшерүүлөрдү, ревизияларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет. Каттоо функциялары жарандардын жана юридикалык жактардын кыймылдуу жана (же) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын, жарандардын жарандык абалдын актыларын, жарандарды, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды документтештирүү, ошондой эле мыйзамдарга ылайык катталууга тийиш болгон башка укуктарды каттоону билдирет. Бийлик өкүлү – өзүнө кызматтык көз карандысыздыкта же ведомстволук баш ийүүдө турбаган адамдарга карата тескөөчү ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте берилген адам.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>