# 151-берене. Учууну аткаруу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 151-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-151

---

1. Учууну аткаруу ченемдерин, эрежелерин жана жол-жоболорун бузуу же аткарбоо, анын ичинде учууну жүргүзүүгө карата жалпы талаптарды бузуу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана авиация техникасын өндүрүүчүлөрдүн учуу коопсуздугуна коркунуч алып келүүчү буйруктарынын, инспектордук жазма буйруктарынын, учуу жарактуулугунун директивасынын талаптарын аткарбоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Коркунучтуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу эрежелерин бузуу же аткарбоо, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-152)
