# 150-берене. Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 150-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-150

---

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун, атап айтканда: аба кемелеринин, учкучу жок аба кемелеринин учууларынын, ракеталарды атуунун, ок атуунун, жардыруу иштерин жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрүнүн тартибин бузуу, ал төмөнкүдөй түрдө жасалса:

1) ишти учуу планын көрсөтпөстөн (кабарлабай туруп контролдонбогон аба мейкиндигинен учууда), учууну аткарууга уруксатсыз жүзөгө ашыруу, аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу;

2) аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануудагы тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоосу;

3) Кыргыз Республикасынын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты жок аба кемесинин тыюу салынган зонанын, учуу чектелген зонанын аймагынын үстүнөн учуп өтүшү же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү эрежелерин бузуу;

4) учуу коопсуздугуна коркунуч келтирилген учурларды жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба кемелеринин тигинен, капталдан узунунан кеткен эшелондошууну сактабагандыгы, белгиленген ченемдерден ашкан аралыкта аба кыймылын тейлөөчү аба трассаларынан жана каттамдарынан четтөөсү;

5) учуу коопсуздугуна коркунуч келтирилген жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба мейкиндигин пайдалануучулардын аба кыймылын тейлөө органдарынын командаларын аткарбоосу, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-151)
