# 15-берене. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке жактар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 15-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-15

---

1. Он алты жаш курагына толгон жеке жактар укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Алкоголду, баңгизат, психотроптук каражаттарды же башка маң заттарын колдонуунун кесепетинен же көңүл коюуну жана реакциянын ылдамдыгын төмөндөтүүчү медициналык дары-дармектердин таасиринен улам мас абалдагы адамдын укук бузууларды жасагандыгы, аны ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликтен бошотпойт.

Эскертүү. Жеке жактар деп Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адамдар түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-16)
