# 144-берене. Долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 144-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-144

---

1. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана стандарттарынын, ошондой эле алар менен өз ара байланышкан башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Курулуш объектин жайгаштыруу менен байланыштуу шаар куруу документтерин ишке ашырууда техникалык регламенттерди, курулуш ченемдерин, эрежелерин жана стандарттарын, ошондой эле алар менен өз ара байланышкан башка ченемдик укуктук актыларды бузуу, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Эксплуатациялоо процессинде имараттардын жана курулмалардын, анын ичинде көп батирлүү турак үйлөрдөгү жайлардын архитектуралык түрүн өзгөртүү тартибин бузуу, аларды мыйзамсыз кайрадан жабдуу, кайра профилдөө жана кайра конструкциялоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Курулуш материалдарын, буюмдарын же конструкцияларды өндүрүүдө, сатууда, ташууда же болбосо курулушта колдонууда техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарын бузуу –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Курулуш объекттерин пайдаланууга берилүүчү курулуп бүткөн объекттердин шайкештигин баалоосуз эксплуатациялоо –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-145)
