# 142-берене. Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 января 2025 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в религиозной сфере"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021241)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=24559..25475>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 142-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-142

---

1. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз диний жөрөлгөлөрдү, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды өткөрүү үчүн диний ишмерлерди, диний насаатчыларды жана миссионерлерди чакыруу -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Диний багыттагы объекттерде шайлоо алдындагы үгүт иштерин, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Диний окуу жайынан тышкары жеке тартипте диний сабактарды окутуу -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

5. Диний багыттагы объекттерден тышкары, маалыматты сактагычтарга карабастан, диний адабияттарды, башка диний басылма түрүндөгү, аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жаппы билим берүү уюмдарында, ошондой эле турак жайларды кыдыруу аркылуу таратуу -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

6. Диний иштин субъекттери тарабынан саясий партиялардын ишин каржылоо -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

7. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү эсептик каттоодон өтпөстөн диний ишти жүзөгө ашыруу, диний багыттагы объектти пайдалануу -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

8. Диний таандыгынын негизинде адамга же топко карата оозеки же жазуу жүзүндө, анын ичинде Интернет тармагында басмырлоо -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-141)  
Кийинки берене: [142-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-142-1)
