# 142-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-142-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 142-1-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-142-1

---

Экстремисттик материалдарды сактоо, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет."; Эскертүү. Ушул беренеде каралган укук бузууну жасаган адам, экстремисттик материалдарды сактаган фактысы жөнүндө укук коргоо органдарына ыктыярдуу билдирген учурда жоопкерчиликтен бошотулат. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан экстремисттик материалдарды пайдаланууга, анын ичинде сактоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жол берилет. Экстремисттик материалдарды сактоо мыйзамдуу кесиптик же кызматтык ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу илимий, окуу же эксперттик максаттарда жүзөгө ашыруу менен шартталган учурларда ушул берене колдонулбайт. (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-142)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-143)
