# 133-берене. Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 133-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-133

---

1. Ички иштер органдарынын уруксаты бар ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо же ташуу эрежелерин жеке адамдын бузуусу, –

эскертүүгө же жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Алардын сакталышы үчүн жооптуу ишкананын, мекеменин же уюмдун кызматкеринин ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытуучу жана электрдик куралын, же болбосо атуучу ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуусу, же болбосо анын ок атуучу куралды же атуучу ок-дарыларды максатсыз пайдалануусу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Адамдын алкоголдук, баңгизаттан же токсикоманиялык мас абалында ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытуучу жана электрдик куралын алып жүрүүсү, –

жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-134)
