1261-берене. Тилемчилик
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 17-глава
1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылуу, ошондой эле акча каражаттарын же башка материалдык баалуулуктарды алуу максатында коомдук жайларда тийишүү же тажатма кайрылуу -
20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо үч суткага чейин камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жаза чаралары колдонулгандан кийин бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
30дан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жаза чаралары колдонулгандан кийин чет өлкөлүк жаран тарабынан бир айдын ичинде кайталанып жасалса -
чет өлкөлүк жаранды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүгө алып келет. Эскертүү. Эгерде адам бул аракеттерди ага карата дене бойлук же психикалык зомбулукту, коркутууну же мажбурлоонун башка формасын колдонуунун натыйжасында жасагандыгы аныкталса, ошондой эле ал адамдарды сатуунун курмандыгы деп таанылган учурда, ал ушул беренеде каралган аракеттер үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Ушул беренеде каралган аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын жараны жоопкерчиликке тартылган учурда, ички иштер органдары кармалган адамдын жашоо шарттарын изилдөө жана зарыл социалдык жардам көрсөтүү үчүн тартылып жаткан адам жөнүндө маалыматты социалдык коргоо органдарына жөнөтүүгө милдеттүү. (КР 2026-жылдын 23-апрелиндеги N 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1261-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-1261" title="1261-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>