115-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 149
1. Белгиленбеген жерлерге тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, үйүп салуу -
эскертүүгө же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштоо, үйүп салуу -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Таштандылдарды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө -
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган жосундар жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса -
20дан 30 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга алып келет.
Эскертүү. Белгиленбеген жерлер деп бул атайын аталган максаттар үчүн пайдаланууга бөлүнбөгөн жерлер түшүнүлөт."; (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>