# 112-берене. Көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 112-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-112

---

1. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жай мүнөзүндөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн аларды соода орундары катары пайдалануу, ошондой эле туруктуу жашоодон тышкары ар кандай башка максаттарда пайдалануу –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-113)
