# 1071-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 27 января 2025 года, № 30 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=25475..25922>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-1071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 1071-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1071

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз түрдө атайын кемсинтүү, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп таратуу, -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-107)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-108)
