# 107-берене. Адабий тилдин ченемдерине ылайык келбеген же болбосо уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, ошондой эле маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлерге чаптоо, илүү, тиешелүү органдар менен макулдашпастан сырткы жарнаманы жайгаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=13961..14329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 107-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-107

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген, же болбосо уят сөздөрдү камтыган көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрүнөө маалыматтарды юридикалык жана жеке жактардын имараттарына жайгаштыруу, -

эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бир айдын ичинде оңдолбогон же эскертүү берилгенден кийин алты айдын ичинде кайталанып жасалган аракеттер, -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Шаардык, айылдык калктуу конуштардын аймагында этикага жат тышкы жарнаманы же болбосо "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген тексттери бар тышкы жарнаманы жайгаштыруу, ошондой эле калктуу конуштардын аларды жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлеринде кулактандырууларды, баракчаларды, плакаттарды жана башка маалыматтык билдирүүлөрдү чаптоо, илүү -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан калктуу конуштардын аймагында тышкы жарнаманы жайгаштыруу -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-106)  
Кийинки берене: [1071-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1071)
