# 1024-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июня 2025 года № 114 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=33304..33444>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1024>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-1024.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 1024-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1024

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана башка кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери, ошондой эле башка адамдар тарабынан мыйзамдарда каралбаган акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу же болбосо билим алуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) алар тарабынан психологиялык кысым көрсөтүү -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар коомдук фонд жана башка уюмдар же алардын мүчөлөрү тарабынан жасалса -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан педагогикалык жана башка кызматкерлерге карата аларды акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга мажбурлоо максатында психологиялык кысым көрсөтүү -

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 10-июнундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1023-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1023)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-103)
