# 1023-берене. Мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июня 2025 года № 114 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027939)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=33304..33444>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-1023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 1023-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1023

---

1. Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча маалымат системасында киргизүүгө баланын кезеги келген учурда баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик же муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Балдарды жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуу боюнча маалымат системасы боюнча баланы киргизүү аркылуу мектеп жашына жеткен баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу -

жеке жактарга 120 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 10-июнундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1022-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1022)  
Кийинки берене: [1024-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1024)
