# 1011-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам противодействия незаконному обороту наркотических средств, психотропных веществ, их аналогов и прекурсоров среди детей и молодежи"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=28475..30895>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-1011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 1011-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-1011

---

Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү көп эмес өлчөмдө сатуу максатын көздөбөстөн жасалса - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30 саатка коомдук иштерге тартууга алып келет. Эскертүү. Баңгизат каражаттарынын, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар күчтүү таасир этүүчү заттар деп түшүнүлөт. Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.". (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-101)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-102)
